27.05.2010:38

Об оказанном содействии росгражданам в период карантина

Ситуация с коронавирусом в Киргизии вышла на стабильный, контролируемый уровень. Жизнь постепенно возвращается в привычное русло.

Период карантина и вынужденного закрытия границ между странами в связи с коронавирусной инфекцией привнес много трудностей в нашу жизнь. Многие остались без работы и средств к существованию, оказались разорваны семьи.

В этой непростой ситуации Посольство России в Бишкеке и Генконсульство в Оше оказывали максимальное содействие росгражданам и соотечественникам. С конца марта, когда был введен режим чрезвычайной ситуации организовано 8 «вывозных» авиарейсов в Россию, которыми улетели на родину 1271 гражданин. Более 190 человек получили от Посольства Гуманитарную помощь продуктами питания. 130 граждан были размещены в гостинице до вылета в Российскую Федерацию.

Посольством будет продолжена работа по оказанию необходимой поддержки гражданам в соответствии с действующим законодательством Российской Федерации.

 

Карантин учурунда россиялык жарандарга көрсөтүлгөн жардам жөнүндө

 

Кыргызстанда коронавирус менен байланышкан кырдаал туруктуу, көзөмөлгө алынган деңгээлге жетти. Жашоо акырындык менен кадимки нукка кайта баштады.

Карантин учуру жана коронавирустук инфекцияга байланыштуу өлкөлөрдүн ортосундагы чек араларды аргасыз жабуу биздин жашообузга көптөгөн кыйынчылыктарды алып келди. Көп адамдар жумушсуз, жашоо-тиричилигине каражатсыз калып, үй-бүлөлөр бир боло алышкан жок.

Мындай оор кырдаалда Россиянын Бишкектеги Элчилиги жана Оштогу Башкы консулдук россиялык жарандарга жана мекендештерге максималдуу жардам көрсөтүштү. Март айынын аягынан тартып, өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден кийин, Россияга 8 “чыгарып кетүү” авиакаттамдары уюштурулуп, ал каттамдар менен 1271 жаран мекенине учуп кеткен. 190дон ашуун адам Элчиликтен азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам алышты. 130 жаран Россия Федерациясына учуп кеткенге чейин мейманканада жайгаштырылган.

Элчилик тарабынан Россия Федерациясынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жарандарга зарыл колдоо көрсөтүү боюнча иштер улантылат.

Календарь

x
x

Архив

Дополнительные инструменты поиска

Персональная фотовыставка "Кадры"